Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Аба ырайы


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча 26-декабрда Кыргызстандын аймактарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда гана жаан-чачын болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6 суук, күндүз 5…10 градус жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12 градус суук болсо, күндүз 5…10 градус жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градуска барабар. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн -3…-8 суук, күндүз -3…+2 градус жылуу болсо, Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12 градус суук болоору күтүлүүдө. Тоолордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -11…-16 градуска тете суук күтүлөт.

Бишкек шаарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4 градус суук, күндүз 7…9 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG