Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Пакистанда жанкечтинин чабуулунан 40 киши набыт болду


Пакистандын түндүк-чыгышындагы Бажаур аймагында жанкечтинин жардыруусунан кеминде 40 киши набыт кетти, 60ка жакыны жарадар болду. Паранжи кийген аял Хар деген жерде гуманитардык жардам үчүн кезекте турган адамдарга 2 граната ыргытып, кийин белиндеги бомбаны жардырып жиберген. Айрым маалыматтарга караганда, ал аялдын кийимин кийген эркек болушу мүмкүн. Күбөлөрдүн бири “Азаттык” үналгысынын Пакистан кызматына буларды айтып берди:

- 42 киши жарадар болду, 60тан ашыгы жараланды. Ал жанкечтинин жардыруусу болгон. Жарадар болгондор Пешавардагы ооруканага тик учактар менен алынып кетти. Алардын көбү Бажаурдун жашоочулары болчу.

Жергиликтүү оорукананын өкүлү Дости Рехмандын айтымында, набыт болгондордун саны өсүшү толук ыктымал. Соңку 3 жылдын ичинде Пакистанда жанкечтинин 200 чакты кол салуусу катталган.

XS
SM
MD
LG