Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Жогорку Кеңеш 2010-жылдын бюджетине кирген өзгөртүүлөрдү карайт


Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттеги бюджет боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Өмүрбек Абдрахмановдун “Азаттыкка” билдиришинче, кийинки жумада буга чейинки отурумунда каралып бүтпөй калган чет элдик каржы жардамдары боюнча маселелер аягына чейин каралып, 2010-жылкы өлкө бюджетине болгон өзгөртүүлөр талкууга коюлат. Мындан сырткары "Мегаком" компаниясынын улутташтырууга байланыштуу айрым суроолор каралышы күтүлүүдө. Андан соң убакыт жетсе 2011-жылдын бюджети да бекитилиши мүмкүн.

Регламентке ылайык, Жогорку Кеңештин пленардык отуруму келе жаткан жуманын бейшемби, жума күндөрү болмок. Бирок жаңы жыл жакын калып, айрым маселелерди эрте чечүү керек болгондуктан депутаттардын жалпы отуруму жума башында өткөрүлмөй болду. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG