Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

ИИМ жана УКМК жарандарды дыкат болууга чакырууда


Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги жарандарды дыкат жана сак болууга үндөгөн билдирүү таратты. Буга акыркы учурда өлкөнүн айрым аймактарында чагымчылардын ар кыл жарылууларды уюштуруу аракеттери себеп болууда. УКМКнын басма сөз кызматы таркаткан билдирүүгө ылайык, эгер жарандар коомдук жайларда ар кандай шектүү буюм, баштык же кооптуу автоунаа көргөн учурда укук коргоо кызматкерлерине кайрылууга тийиш. Мындан тышкары коопсуздук кызматкерлери жаңы жыл алдында калкты пиротехникалык каражаттарды колдонуудан алыс болууга чакырууда. Маалыматка ылайык, жаңы жылга карата Кыргызстандын аймагындагы шаарлар, райондук борборлор жана ири айылдар күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG