Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

1-январдан баштап муфтиятта аттестация башталат


Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 1-январдан баштап муфтияттын администрациясында иштеген бардык кызматкерлер жумушунан бошотулат. Алар 20-январга чейин созула турган аттестациядан өткөндөн кийин гана кайрадан кызмат ордуна келе алышат. Бул мөөнөткө чейин кызматкерлер убактылуу гана милдеттерин аткарып турушат. Аттестацияда кызматкерлердин муфтиятта иштей билүү мүмкүнчүлүгү, билими текшерүүгө алынат.

- Коомчулукта дин адамдарын, имамдарды сынактан өткөрүп жумушка кабыл алуу керек деген сөздөр көп болгондуктан бул ишти алгач муфтияттын администрациясынын өзүнөн баштоону чечтик, - деди Максат Мамбеталиев.

Кызматкерлердин деңгээлин муфтий Чубак ажы Жалилов жана муфтияттын уставдык долбоорун иштеп чыккан бир катар эксперт-технологдор текшерет. Ушул тапта муфтиятта 31 адам иштейт. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG