Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:00

Ташкенде 200 млн долларлык «жогорку технологиялар паркы» курулат


Бул долбоор «өзбек Сколково» деп аталып 2011-жылдан башталат. Анын курулушуна Кембридж жана Оксфорд университеттеринин өкүлдөрү катышаарын РИА Новости агенттиги кабарлады. 6 жылга созулган долбоордун курулушу Ташкендин борборунда 230 миң чарчы метрди ээлейт. Ал жерде заманбап лабораториялар, кеңселер жана өндүрүүчү цехтер, соода жана эс алуу жайлары, мейманкана, технопарктын кызматкерлери үчүн үй-жай курулат.

Өткөн жылы Москванын чекесиндеги Сколково шаарында инновациялык шаарча куруу долбоору башталды. Орус бийлиги XXI кылымдагы жаңы технологиялардын борбору Калифорниядагы Кремний өрөөнү сыяктуу шаарча куруу добоорун баштап, ага өтө көп акчалай жпана акыл каражаты жумшалаарын айтып чыгышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG