Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Египетте автокырсыкта 8 америкалык өлдү


Египеттин мамлекеттик маалымат агенттиги туристтерди салган автобус ордуна бекитилген вагонду сүзүп анда 8 киши өлүп, 21 киши жарадар болгонун кабарлады. Агенттиктин кабарлашынча кырсык жекшембиде эртең менен автобус өлкөнүн түштүгүндөгү Асуан шаарынан Абу Симбелге баратканда болгон. Мерт болгондордун ичинен алтоо аял экени тастыкталды.

XS
SM
MD
LG