Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Домодедово аэропортунда аба каттамдары жүрө баштады


Москванын эл аралык аба майдандарынын бири Домодедоводо күндүз кармалган аба каттамдары ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы "Интерфакс" агенттигине билдирди.

Жекшембиде эртең менен өчкөн электр жарыгы 12 саатка чукул убакыттан кийин гана берилди. Ага аэропортко келчү электр жарыгы 2 жерден үзгүлтүккө учураганы себеп болгон. Кечээ күндүз өлкө ичине каттаган учактарга жүргүнчүлөрдү каттоо кол менен жүрүзүлгөн. Ал убакта эл аралык каттамдагы 70тей учак кармалып, 6 миңдей жүргүнчү барчу жерине жете албай отурду.

XS
SM
MD
LG