Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:12

Украинада мурдагы Ички иштер министри кармалды


Мурдагы премьер министр Ю.Тимошенконун өкмөт мүчөсү Юрий Луценкону атайын кызматтын бери дегенде 10 адамы ал ити менен сейилдеп жүргөн жеринен кармап кетишкенин маалымат катчысы Инна Кисыл билдирди.

Саргылжын ыңкылаптын лидерлеринин бири Ю.Луценко алты жыл мурунку экс-президент В.Ющенконун уулангандыгына тиешеси бар деп кармалгандыгы айтылууда. Өткөн айда болсо 46 жаштагы Ю.Луценкого кызматта турганда мамлекеттик мүлктү кыянаттык менен пайдаланган деп айып тагылган.

Украинадагы оппозициялык күчтөр бул иштерди Ю.Тимошенконун партия мүчөлөрүнө карата бийликтин кысымы катары баалоодо.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG