Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:20

Исхак Раззаковдун жүз жылдыгына арналган салтанат өттү


Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдык маарекисине арналган салтанаттуу жыйын өттү. Ага катышкан президент Роза Отунбаева бүткүл өмүрүн эл-жерине кызмат өтөөгө арнаган мекендин улуу уулдарынын арасында Исхак Раззаковдун орду өзгөчө экенин белгиледи. “Исхак Раззаковдун тушунда Кыргызстандагы ондогон ири ишканалар курулган, бир катар окуу жайлар ачылган, ал убагында “Манас” эпосунун миң жылдыгын белгилөө тууралуу демилге көтөргөн, бирок демилгеси колдоо тапкан эмес”, - деп белгиледи президент.

Иш-чарада Исхак Раззаковдун арбагына багышталып куран окулду, ал тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Бүгүнкү салтанат бул инсандын жүз жылдыгына арналган иш-чаралардын жыйынтыктоочу бөлүгү болду.

Коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. 1979-жылы Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакта калган. Маркумдун сөөгү 2000-жылы мекенине алып келинип, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө сый-урмат менен коюлган. Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жарыкка келген. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG