Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Корея жарым аралындагы кырдаал курч бойдон калууда


Түштүк Кореянын президенти Ли Мен Бак эгер Түндүк Корея кайрадан Түштүк Кореяга каршы кутумчулукка барса, сазайы колго берилет, анын өлкөсү коммунисттик Корея менен согушкандан коркпойт деп эскертти. Ли Мен Бак дүйшөмбү күнкү кезектеги радиокайрылуусунда Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү Түндүк Кореянын ар кандай жаңы чабуулуна “токтоосуз жооп кайтарууга тийиш” экенин кошумчалады.

Эки өлкө арасындагы мамиле ноябрда Түндүк Кореянын аскерлери Түштүк Кореяга караштуу аралды аткылап, төрт жаран өлгөндөн бери осолдоп кеткен.

XS
SM
MD
LG