Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Муфтият мындан ары жума күндөрү иштебейт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов билдирди. Анын айтымында, Уламалар кеңеши ушундай чечимге келип, жума күнкү иш күнүн муфтиятта иштегендер ишембиде толуктай турган болду. Мындай чечим жума күнкү чоң намазга байланыштуу жасалган. Муфтият жаңы жылдан кийин ушундай эле чечимди өлкөнүн бардык аймактарындагы мечиттерге таркатуу аракетин да көрмөкчү.

Азырынча муфтияттын мындай чечимине мамлекеттик ырасмий органдар жооп кайтара элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG