Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

Ислам Каримов Кыргызстанда мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүүдө


Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогалаңды иликтеген Улуттук комиссия мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүдө. Бул маалыматтуу тактоо иретинде Улуттук комиссиянын эксперти Табылды Акеровго кайрылганыбызда, чынында эле бул кабардын тууралыгын ырастады.

Маалыматка ылайык, Улуттук комиссия коогалаң боюнча иликтөөсүнүн кортундусунда “1990-жылдагы жана 2010-жылдагы Ошто орун алган этникалык кагылышты болтурбоого жана токтотууга кошкон салымы үчүн Өзбекстандын президенти Ислам Каримов мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт” деп жазылган.

Улуттук комиссиянын мүчөлөрү арасында Ислам Каримовду ал гана эмес Нобель сыйлыгына көрсөтүү тууралуу да сөз болуп, учурда бул маселени талкуулоо соңуна чыга элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG