Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Назарбаев "казакбашы" болууну каалайбы?


Президент Нурсултан Назарбаев буга чейин "улут көсөмү", "эмгек баатыры" болгондон жана башка бир катар мартабалуу наамдардан баш тарткан эле. Айрым байкоочулар ал "казакбашы" аталгысы да келбейт деп ишенишет.
Президент Нурсултан Назарбаев буга чейин "улут көсөмү", "эмгек баатыры" болгондон жана башка бир катар мартабалуу наамдардан баш тарткан эле. Айрым байкоочулар ал "казакбашы" аталгысы да келбейт деп ишенишет.

Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин бийликтеги мөөнөтүн он жылга узартуу боюнча демилгелүү топту өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон өткөрдү. Жакынкы күндөрдө кол топтоо өнөктүгү башталат. Оппозициянын мүчөлөрү референдум алдыдагы көктөмдө болушу мүмкүн деп болжолдошот.

Жаңы демилге өткөн бейшемби күнү – 23-декабрда Өскемен шаарындагы (Усть-Каменгорскиде) жыйында көтөрүлдү. Ага өлкөнүн он алты аймагынан чогулган 850дөй киши катышты. Жыйында сүйлөгөндөр президент Назарбаевди 2020-жылга чейин кызматта калтыруу зарылдыгын айтышты жана бул максатта жалпы элдик референдум өткөрүүнү чечишти.

Демилгелүү топтун арызын дүйшөмбү күнү борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон өткөрдү. Демилгечилер эми 10-январга чейин элден 200 миң кол топтойт, андан кийин референдум өткөрүү сунушу президенттин өзүнө жөнөтүлөт.

Коммунисттердин мурдагы лидери Серикболсын Абдилдин референдум болорунан шек санабай турганын, атүгүл добуш бергендердин 99,9 проценти бул демилгени колдоп чыкса таң калбай турганын жашырбады.

Социал-демократтардын жалпы улуттук "Азат" партиясынын теңтөрагасы Булат Абилов да ушундай ойдо. "Бийлик президенттик чынчыл, эркин жана атаандаш шайлоо өткөргөнгө даяр эмес, биз социализмге кайтып келдик",-деп айтты ал "Азаттыктын" кабарчысына.

Оппозициядагы саясатчылардын дагы бири Серикбай Алибаев калк арасында бул демилгени кабыл албагандар көп экенине карабастан бийлик тарапкерлери референдум өткөргөнгө жетишерин бөркүндөй көрөт. "Бийлик өзүнө каяша кылган күчтөрдү кысып, басып таштады, баш көтөргөндөрдү түрмөгө салып, атүгүл айрымдарынын көзүн тазалап салды. Көчөгө чыксаң мойнуңа олчойтуп айыппул илинет. Ушуну көрүп отурган соң ким батынып каяша кылмак эле?!"

Экинчи бирөөлөр "Назарбаев ким экенин эл түшүнүп калды, ошондуктан ал 2012-жылдагы шайлоодо жыдып калгандан чочулай баштады" деген ишенимде.

Казак парламентинин айрым депутаттары келерки шайлоону деле Назарбаев утуп аларына бекем ишенишет, ошол себептен шайлоону референдум менен алмаштыруунун зарылдыгын көрүшпөйт. Ал эми межилистин мүчөсү, өлкөнүн мурдагы юстиция министри Загипа Балиева болсо референдумга президенттин мөөнөтүн он жыл деп отурбай, түз эле 2030-жылга чейин узартуу идеясын сунуш кыларын ырастады.

Коомдук көрүнүктүү ишмер, акын Олжас Сулейманов эмдиги шайлоодо Назарбаев 80-90 процент добуш аларынан күмөнү жоктугун айтып, эгер референдум өткөрүлсө, анда демилгени жактап добуш берерин бышыктады.

"Азыр дүйнөдө бийликтин демократиялуулугу эмес, анын натыйжалуулугу жогору баалана баштады. Казакстан ушундай бийликке жакындап келатат", - деп белгиледи акын.

Буга чейин Казакстанда президентти өмүр бою бийликте калтыруу сунушу да айтылган эле. Назарбаевди "улуттун көсөмү" атыктыруу тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, ал да өтпөй калган эле.

Серикбай Алибаев баары бир Назарбаевдин бийликте дагы он жыл отура аларына көзү жетпейт. "Оппозиция болсо дароо курултайга чогулуп, элдин болочогун ойлогондор бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, калк аралап, референдумга каршы үгүт жүргүзүшү керек. Бул натыйжалуу болуп чыгышы да ажеп эмес",- дейт ал.

Бирок бейтарап байкоочулардын көбү казак оппозициясынын аракети майнаптуу болорунан кадик санашат. Айрымдары бул демилге деле мурда ирип калган идеялардай ишке ашпайт, баарыдан мурда Назарбаев өзү "казакбашы" деген ат менен тарыхта калгысы келбейт деп ишенишет.

XS
SM
MD
LG