Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Москванын «Домодедово» аэропортунда баш аламандык уланууда


«Интерфакс» агенттигинин маалымдашынча жекшембиде эртең менен өчкөн электр жарыгы аэропорттун аймагына толугу менен бериле элек. Андыктан аэропорттун жүргүчүлөрдү тейлеген залдары күңүрт тартып, жүк, эл ташыган унаалар иштебей турат. Учуп келген самолеттордогу жүргүнчүлөрдү тейлөө дагы белгисиз мөөнөткө чейин созулууда. Жүргүчүлөрдү каттаган ондогон терезелердин айрымдары гана ачык. Жарык текши болбогондуктан имараттын ичиндеги аба алмашуу иштебей турат, тез жардам кызматы кыйналгандарды алып кетүүдө.

Жекшембиден бери үзгүлтүккө учураган эл аралык багыттагы 105 каттамдын 25и дагы эле уча элек. Нааразы болгон жүргүнчүлөрдүн баскан турганына милициянын атайын тобу көз салууда.

"Шереметьево" эл аралык аба майданынын D терминалында дагы жүргүнчүлөр көп топтолуп, тамак-аш жетпей жатканын аталган аэропотрттун маалымат кызматы билдирет.

XS
SM
MD
LG