Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Базар-Коргондо катылган курал-жарак табылды


Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мелис Шералиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Базар-Коргон айылынын аймактык милиция башчысы Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн жерден бир чакырымдай алыс, сайдын боюнан эки граната, тапанча, автоматтын октору, колго жасалган канжар, дагы башка буюмдар табылды. Бул факт боюнча кылмыш иши козголот. Учурда түштүктө тартип коргоо органдары июнь окуяларынын кийин элдин колунда калган курал-жаракты издөө боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатат.

Милициянын капитаны М. Сулайманов 13-июнда Ош – Бишкек жолундагы Кара-Үңкүр дарыясынын көпүрөсүнө топтолгон адамдарды таратууга барганда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG