Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

2011-жыл Курманжан датка жылы деп жарыяланат


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрында Курманжан датка тууралуу “Тоо ханышасы” аттуу даректүү тасманын бет ачарында билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык, эмидиги жылы датканын 200 жылдык мааракеси өтөт. Бул даректүү тасманын бет ачарында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков кыргыздын дагы бир көрүнүктүү инсаны, мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковго Кыргыз эл баатыры наамын ыйгаруу тууралуу президент чечим чыгарганын билдирди.

"Тоо ханышасын" тартууга өкмөттөн 1,5 миллион сом бөлүнгөн. Режиссер Замир Эралиев тарткан бул тасма тарыхый документтерге негизделип, датканын өмүр жолу, саясий ишмердиги баяндалат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG