Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы сындалды


Бүгүн парламент Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын калыбына келтирүү жана реконструкциялоо долбоору боюнча каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоо маселесин карады. Макулдашуу боюнча Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчисинин орун басары Бактыгул Каданбаев маалымат берди. Бир катар депутаттар бул дирекциянын ишине байланыштуу, жетекчилигинин 40 миң сомдон ашык айлык алышарын талкуулап сынга алышты. Б. Каданбаевдин маалымдашынча, долбоорго ылайык Азия өнүктүрүү банкы 100 миллион долларды жеңилдетилген насыя түрүндө берет. Анын 7 миллиону Ош менен Жалал-Абад шаарларында коммуналдык чарбаларды кайра калыбына келтирүүгө жумшалат. Депутаттар бул каражаттардын сарпталышына байланыштуу бир катар сындарды айтышты.

Парламент эртеңкиге чейин тыныгууга чыкты. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун айтымында, эртең мугалимдердин айлыгына байланыштуу маселелер, мыйзам долбоор каралат.
(EBM)

XS
SM
MD
LG