Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Иранда тыңчы делинген айыпкер дарга асылды


Али Акбар Сиадат аттуу жаранды сот израилдиктердин "Моссад" чалгындоо уюмуна алты жыл бою жашыруун маалыматтарды берип келген, мунун акысына 60 миң доллар акча алган деп айыптап, өлүм жазасына өкүм кылган. Ал эки жыл мурда аялы менен Ирандан чыгып кеткенге аракет кылып, кармалган эле. Бүгүн Тегеран түрмөсүндө ага чыгарылган өкүм аткарылды.

XS
SM
MD
LG