Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

Орусия Кыргызстанга убада кылган насыя маселесин карайт


Бүгүн өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Москвада орус президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин менен жолугушту. Анда тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташууну мындан ары мазмундуу, динамикалуу өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү. Алмазбек Атамбаев Орусияга жасаган иш сапарын жыйынтыктап жатып, орус бийлиги жаңы жылдын 1-январынан тарта күйүүчү майга экспорттук кошумча бажы төлөмүн алып салууга макул болгонун, февраль айынан баштап эки өлкөнүн кызматташуусундагы талаштуу бардык жагдайлар боюнча макулдашуулар жүрөрүн айтты. “Ошондой эле 15-январдан тарта Орусия Кыргызстанга убада кылган 200 миллион доллар насыя берүү мүмкүнчүлүгүн караганы жатат”, - дейт А. Атамбаев.

Өкмөт башчынын маалымат кызматынын билдиришинче, кыргыз-орус тараптар Нарын дайрасынын жээгине орто жана чакан ГЭСтерди куруу тууралуу макулдашышты. А. Атамбаевдин иш сапары кечээ башталган, ал буга чейин орус кесиптеши Владимир Путин менен жолуккан. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG