Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:15

Москвада "Аэрофлот", "Сибирь" авиакомпаниялары каттамдарын которууда


Бул тууралуу Орусиянын Транспорт министри Игорь Левитин билдирди. Министрдин айтымында кечээ Орусиянын аймагында «Аэрофлот» ишке ашырган 32 аба каттамы, «Сибирь» компаниясы болсо 35 каттамды токтотууга мажбур болду. Жүргүнчүлөрдүн билетке төлөгөн акчасы кайра кайтарылып берилет.

Ага чейин Москвага Санкт-Петербурдан келчү учактар убактылуу токтотулган. Анын ордуна жүргүнчүлөрдүн билеттерин темир жолго алмаштыруу сунушталган.

РИА Новости маалымат агенттиги "Шереметьево" аба майданында жүргүнчүлөрдүү нааразычылыгы чыгып, ал тургай "Аэрофлоттун" бир нече кызматкери токмоктолгонун кабаралды.

XS
SM
MD
LG