Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Улутташтырылган объекттер боюнча депутаттык комиссия түзүлөт


Учурда Жогорку Кеңеш убактылуу өкмөттүн декреттери менен улутташтырылган, жарым-жартылай мамлекеттин карамагына өткөн объекттерге байланышкан маселени талкуулап жатат. Парламент өкүлдөрү айрыкча “Мегаком” уюкфон компаниясына ээлик кылган “Альфателеком” жабык акционердик коомуна байланыштуу маселеге токтолушууда. Депутат Өмүрбек Абдрахмановдун маалымдашынча, аталган коомдун 99 пайыз акциясы апрелге чейин Алексей Елисеевге таандык болчу. А. Елисеев Өнүктүрүү, инновация жана инвестиция боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси Максим Бакиевдин орун басары кызматын ээлеп келген. Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен “Мегокомдун” 49 пайыз үлүшү мамлекетке өткөн. Парламентте аталган компанияны толугу менен мамлекетке алуу тууралуу сөз болууда.

Парламент спикери Акматбек Келдибеков Убактылуу өкмөттүн улутташтыруу боюнча декреттерин депутаттык комиссия түзүп, мыйзамдаштыруу керек деп билдирди. Айрым депутаттар бул маселени сот аркылуу чечүү керектигин айтты. “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы, Убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев эгер мамлекет “Мегаком” компаниясы боюнча сотко кайрылса, А. Елисеевден утулуп калышы ыктымал экенин, анткени ал баарын мыйзамдаштырып алганын ошондуктан кыргыз өкмөтү компанияны толугу менен өзүнө алыш керектигин белгиледи. Депутаттын маалыматына ылайык, аталган компаниянын баасы 400дөн 600 миллион долларга чейин барат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG