Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Бүгүн Урмат Барктабасовдун соту болот


Президенттикке мурдагы талапкер, апрель окуясынан кийин Кыргызстанга келип премьер-министрлик кызматты талап кылган Урмат Барктабасовдун соту бүгүн, 29-декабрда болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” У. Барктабасовдун адвокаты Жаманкул Жунусов маалымдады. Адвокаттын айтымында, У.Барктабасов менен кошо айыпталып жаткан 14 кишинин айыбы жок. Анын айтымында, 4-августта Бишкекке курултайга келе жаткан элди милиция күчтөп тоскон, айыпталып жаткандардын күнөөсүздүгүн аныктап берүүчү далил заттар жетиштүү.

Урмат Барктабасов 4-августта кармалган, ага “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, ошол күндөн бери УКМКнын абагында камакта. Аны менен кошо кармалган 15 кишинин төртөө үй камагына чыгарылган. 4-августта "бийликти күч менен басып алуу аракетине тиешеси бар" деген негиз менен БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабиловага издөө жарыяланган.

Урмат Барктабасовго 2005-жылы 17-июнда да “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып тагылып, ал да издөөдө жүргөн.

XS
SM
MD
LG