Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

“Кыргызгаз” жетекчилиги газ маселеси боюнча Ташкенге барат


“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги 30-декабрда кийинки жылы сатылып алынчу газдын баасын чечүү үчүн Ташкенге барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкананын төрагасынын орун басары Нурбек Жалидинов билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарап Өзбекстанга кийинки жыл үчүн газдын баасын арзан сатууну сунуштайт. Кыргызстандын КМШ өлкөлөрүндөгү жана Евразия экономикалык шериктештигиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстан газдын миң куб метрин 140 доллардан алууга ниеттенүүдө. 2010-жылы болсо ушундай эле өлчөмдөгү газды Кыргызстан 240 долларга сатып алып турган. Салыштыруу иретинде айта кетсек, Казакстан ушундай эле өлчөмдөгү газды Өзбекстандан 83 гана долларга сатып алат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG