Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Бишкектен учкан АКШнын аскер учагы Алматыда конууга аргасыз болду


Бишкектен учкан АКШнын “Геркулес” деген үлгүдөгү аскердик учагы бир кыймылдаткычы иштебей калып, бүгүн эртең менен Алматыда конууга аргасыз болду. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме жасап билдиришти. Маалыматка караганда, учакта 300 аскер болгон. АКШнын Кыргызстандагы транзиттик жүк ташуучу борборунан “Азаттыкка” коопсуздук эрежелерине ылайык аскерлердин жылып жүргөнү талкууланбай турганын айтып, бул маалыматты тастыктоодон баш тартышты. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG