Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Кытай сейрек заттардын экспортун азайтат


Кытай жогорку технологияларда колдонулуучу минералдардын экспортуна болжол менен 15 миң тонналык квота киргизди. Кытайдын Соода министрлигинин бүгүнкү жарыясына караганда, өлкө 2011-жылдан тартып, сейрек заттарды алдынкы жылга караганда 35 пайызга аз экспорттойт. Уюкфон, жалпак телевизор, абаны аз булгай турган машиналардын жасалышында колдонулган сейрек заттардын Кытайдан экспорттолушунун азайышына Кошмо Штаттары тынчсыздануу билдирди. Лантан, скандий, иттрий өңдөнгөн 17 элементтен турган сейрек минералдардын дүйнөлүк соодасынын 95 пайызы бүгүн Кытайга тийешелүү. Ишканалар бул минералдарды башка жактардан казып алуу аракеттерин күч алдырып жаткандыгы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG