Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Орусияда эки космос өкүлү иштен алынды


Орусиянын өздүк навигация ситемасын космоско чыгарышын кечеңдеткен үч ракетанын жарылышынан кийин президент Дмитрий Медведев космос агенттигин эки жетекчи кызматкерин жумуштан бошотту. Кремлдин билдирүүсүнө ылайык, 5-декабрдагы санак катасынан улам үч ракета кыйрагандан кийинки окуяга байланыштуу Орусиянын космос агенттигинин директорунун орун басары Виктор Ремишевский жана ракета чыгаруучу мамлекеттик РКК Энергия компаниясынын жетекчисинин орун басары Вячаслав Филин иштен алынды. Кырсык АКШнын навигациялык ЖиПиЭс системасына атаандаш болуучу орусиялык системаны ишке киргизүү ишине чоң кедерги болуп калгы.

XS
SM
MD
LG