Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

“Азаттыктын” кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарды алды


Кечээ өкмөт үйүндө маданият, укук жана журналисттик кесип жаатында сиңирген эмгектери үчүн бир катар кесипкөйлөргө президент Роза Отунбаева мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Улуттук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жарандык активдүүлүгү үчүн “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кызматкери, эл акыны Шайлообек Дүйшеев үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. “Азаттык” үналгысынын Бишкек кеңсесинин башкы редактору Айданбек Ташкенбаев журналисттик тармакта сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик ардак грамота менен сыйланды. Ушундай эле ардак грамоталарга “Азаттыктын” мурдагы кабарчылары Бекташ Шамшиев менен Машакбай Рахманкулов да арзыды.

Акын Сагын Акматбекова “эл акыны” наамын алса, белгилүү тележурналист Авияхан Кадырова “маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамына арзыды. Журналистика жаатында ошондой эле Баратбай Аракеев, Карбалас Бакиров, Алым Токтомушев сыяктуу белгилүү калемгерлер “маданиятка эмгек сиңирген ишмер” наамын алышты. Актриса Искра Райымкулова "эл артисти" атанса, Мавлюда Абдужапарова “эмгек сиңирген артист” болду. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG