Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:47

Казак Мажилиси Н.Назарбаевдин мөөнөтүн 2020-жылга узартууну жактырды


ИТАР-ТАСС маалымдагандай Казак парламентинин төмөнкү палатасы өлкө башчы Н.Назарбаевдин бийлик мөөнөтүн дагы 10 жылга узартуу жөнүндө Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүү тууралуу кайрылууну бир добуштан колдоду.

«Биз парламент депутаттары, Казакстандын жалпы калкындай эле сиз жана сиздин атыңыз менен биздин өлкөнүн жаркын келечегин байланыштырабыз», - депутаттардын президентке кайрылуусунан спикер Урал Мухамеджанов окуп берди.

Эми кайрылуунун долбоорун казак парламентинин жогорку палатасы жактыргандан кийин өлкө башчы Н.Назарбаевге жөнөтүлөт. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүгө кол топтоо башталды. Президенттин кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев Н.Назарбаевдин мөөнөтүн 2020-жылдын аягына чейин референдум аркылуу узартып коюу идеясын көтөрүп чыккан.

Казак оппозициясы мындай кадамды Н.Назарбаев шайлоого барса өтпөй калуу коркунучу бардыгы менен байланыштырууда.

Н.Назарбаев коңшу өлкөнү 21 жыл 1990-жылдын апрель айынан бери башкарууда. Анын учурдагы мөөнөтү 2012-жылы соңуна чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG