Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:43

«Алтын» ювелирдик холдингинин жетекчиси камакта калды


Укук коргоо органдары «Алтын» ювелирдик холдингинин вице-президентти Антонина Бабосюктун контрабандалык жол менен ишкердик кылган деген негиздеги кылмыш ишин териштирип бүттү.

Москва шаардык соту А.Бабасюкту камакта кармоо мөөнөтүн дагы үч айга 2011-жылдын апрелине чейин узартты. Бул тууралуу анын адвокаты Татьяна Ножкина билдирди.
Өткөн жылдын октябрь айында Москванын Лефортов соту Антонина Бабосюк менен компаниянын Питердеги филиалын жетектеген анын күйөөсү Владимир Феньковду камакка алуу чечимин чыгарган.

"Алтын" компаниясы 1990-жылы түзүлүп Орусия, Казахстан, Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмираттарында тармакташкан дүкөндөрдү ачып, өтө арзан баада зергер буюмдарын сатып турган.

А.Бабасюк Кыргызстанда туулуп өскөн, Улуттук Университеттин биология факультетин аяктаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG