Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Беларуста мурдагы 7 президенттик талапкерге айып тагылды


Бул тууралуу Беларустагы «Весна» укук борбору билдирди. Владимир Некляев, Николай Статкевич, Виталий Рымашевский, Андрей Санников, Алексей Михалевич, Дмитрий Усс, Григорий Костусевге баш аламандык уюштурган деген айып тагылды. Эгер сотто алардын күнөөсү далилденсе ар бири 15 жылдан эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Камалка жаткан талапкерлердин бири Владимир Некляевдин кан басымы өтө жогору экендигин айткан адвокаты аны тезинен ооруканага жаткырууну талап кылды.

19-декабрдагы шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Минскиде 20 миңден ашуун адам наарзалык акциясына чыккан. Аларды борбордук аянттан милиция күч менен таратып, 600дөн ашуун кишини камакка алган. Алардын арасында жогорудагы аталган 7 талапкер да бар болчу.

XS
SM
MD
LG