Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

Ишкерлер парламентти, өкмөттү бизнес чөйрөнү оңдоого чакырды


Бүгүн Кыргызстандагы бизнес коомчулуктун өкүлдөрү кыргыз өкмөтүнө, Жогорку Кеңешке өлкөдөгү инвестициялык шартты оңдоо боюнча кайрылуу жасашты. Анда апрель, июнь окуяларынан кийин бизнес тармагынын абалы оорлошуп кеткени айтылат. Кыргызстан ишкерлер бирикмесининин аткаруучу деректири Чыңгыз Макешовдун билдиришинче, ишкерлерге шарт түзүүнү, инвестиция тартууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу боюнча 50гө жакын мыйзам долбоор жөнөтүлгөн. Парламент аларды канчалык тез карап кабыл алып берсе, алдыга жылуу ошончолук бат болот, дейт Ч. Макешов. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков жаңы жылда парламентте биринчи кезекте экономиканын өнүгүшүн шарттаган мыйзам долбоорлор караларын билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG