Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарды


Бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев жылды жыйынтыктап, Орусияга жасаган сапары тууралуу маалымат берди. Анда А. Атамбаев келерки жылдан тарта Орусия Кыргызстанга жөнөтчү күйүүчү майга кошумча бажы төлөмдү 1,5 айга алып салууга макул болгонун, 200 миллион доллар насыя берүү мүмкүнчүлүгүн карай турганын айтты. А. Атамбаев Москвада Кыргызстандан АКШнын транзиттик жүк ташуучу базасын чыгаруу тууралуу сөз болбогонун белгиледи. “Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда бир топ келишимдерге кол коюлган, жаңы жылда 1,5 ай ичинде ошол макулдашууларды ишке ашыруу жолдору талкууланат, эки өлкөнүн мекемелер аралык комиссиясынын жыйыны болот”, - деди Алмазбек Атамбаев. (EBM)

XS
SM
MD
LG