Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Исхак Раззаковго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылды


Мындай жардыкка өлкө башчысы Роза Отунбаева кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда Исхак Раззаковго жогорку даражадагы бул сыйлык Кыргыз мамлекети менен эли үчүн кылган өзгөчө кызматы учурунда бааланбай калганын эске алуу менен ыйгарылып жатканы айтылат. Маркумга бул наам менен кошо "Ак шумкар" өзгөчө белгиси да берилди.

Мындан үч күн мурда, 27-декабрда Исхак Раззаковдун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын өткөн. Анда президент Роза Отунбаева бүткүл өмүрүн эл-жерине кызмат өтөөгө арнаган мекендин улуу уулдарынын арасында Исхак Раззаковдун орду өзгөчө экенин белгилеген.

Коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. Ал 1979-жылы Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакта калган эле. Маркумдун сөөгү 2000-жылы мекенине алып келинип, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө сый-урмат менен коюлган. Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жарыкка келген.

.

XS
SM
MD
LG