Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:39

Орусия эки корей өлкөсүн сүйлөшүп тил табышууга чакырды


Орусия эки корей өлкөсүн “бири-бирине муштумун көрсөтө бергенди” токтотуп сүйлөшүүгө чакырды. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Алексей Бородавкин расмий Москва корей жарым аралындагы абалды талкуулаш үчүн алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо боюнча Кытайдын сунушун колдой турганын да айтты.

Өткөн айда Түндүк Кореянын аскерлери Түштүктүн аралына ок чыгарышкандан кийин ортодо араздашуу күчөгөн. Кытай болсо алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандыруу чакырын бүгүн да кайталады.

XS
SM
MD
LG