Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Ходорковский менен Лебедев 13,5 жылга түрмөгө кесилишти


Михаил Ходорковский
Михаил Ходорковский
Москвада сот бүгүн ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский менен анын бизнес-өнөктөшү Платон Лебедевди 13,5 жылга түрмөгө кескен өкүмүн чыгарды. Аларды мунай уурдаган жана арам акчаны адамдаган деп күнөөлөшкөн. Айыпталгандар экөө тең 2003-жылдан бери түрмөдө отурушат. Ошондон берки убакыт да эсепке алынаары айтылды. Демек, Ходорковский менен Лебедев дагы алты жылдан ашыгыраак убакыт түрмөдө отурушмакчы.

Бүгүнкү жыйында сот айыптоочунун далилдерин мыйзамдуу деп тапканын билдирди. Ходорковский менен Лебедевдин адвокаттары өкүмгө каршы экендиктерин, аппеляциялык арыз жазышаарын айтышты.

XS
SM
MD
LG