Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Кыргыз-азербайжан инвестициялык корун түзүү жагы каралууда


Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен инвестициялык кор түзүү боюнча иш-чараларды баштоону макулдашты. Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче, мындай макулдашууга вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун Бакуга жасаган иш сапары маалында жетишилди. Азербайжан тарап бул маселе боюнча өзүнүн адистерин 2011-жылдын февраль айында жөнөтмөй болду. Ө. Бабанов эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алаканы жандантуу үчүн кыргыз-азербайжан мекемелер аралык комиссиясынын алгачкы жыйынын жакынкы күндөрү уюштурууну сунуштады. (EBM)

XS
SM
MD
LG