Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Венгрия талаштуу мыйзамы боюнча сүйлөшүүгө чакырды


Жаңы жылдан тарта Евробиримдикте алты ай төрагалык кылуучу Венгриянын массалык маалымат каражаттары боюнча талаштуу мыйзамы, 1-январдан тарта күчүнө кирүүдө. Ага ылайык өлкөнүн мамлекеттик комитетине теле, радио жана гезиттер “саясий тең салмактуулукту сактабаса” же “коомдун кызыкчылыгына каршы” деп мүнөздөлгөн иштерге барган болсо аларды айыпка жыгууга укук берет. Бирок Евробиримдиктин төрагалыгын алып жаткан өлкөнүн бул мыйзамы эл аралык коомчулукта сындалган. ЕККУ жана башкалар мыйзам Европанын эркин басма сөз боюнча стандарттарына жооп бербей турганын жана Венгрияда коомдук талкууларды токтоторун белгилеген. Ушундай сындардан кийин Венгрия ЕККУну талаштуу мыйзамы боюнча сүйлөшүүгө чакырып олтурат. Германия чакырыкты кубаттап, аны “туура нуктагы кадам” деп атады. Венгрия Евробиримдикке 2004-жылы кошулган.

XS
SM
MD
LG