Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:28

2011-жылы Өзбекстандан көбүрөөк газ алуу пландалууда


Бул туурасында “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейин Өзбекстандан кеминде 200 миллион куб метр көлөмүндө газ алынып турган болсо, кыргыз тарап бул жылы 500-600 миллион куб метр газ алууну суранышты. Ушул тапта газдын баасын тактоо аракеттери жүрүп жатат. Эки тарап ортосундагы буга чейинки сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап газдын бир миң кубун 140 доллардан сатып алуу сунушун киргизген. Өзбекстан 2010-жылы белгиленген газдын баасынан 15 доллар гана түшө тургандыктарын айтышкан. Натыйжада газдын баасы боюнча кайрадан сүйлөшүүлөр жылдын башында уланмакчы.

“Кыргызгаз” ишканасынын маалыматына караганда, 2000-жылдары газдын миң кубунун баасы 42 доллар болсо, 2006-жылы 55 доллар, 2007-жылы 100 доллар, 2008-жылы 145 доллар, 2009-2010-жылы 240 долларга барабар болгон. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG