Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Ошто тыюу салынганына карабай тарсылдактар атылды


Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалайбек Сабировдун билдиришинче, жаңы жыл майрамы шаарда олуттуу мыйзам бузууларсыз өттү. Шаардын коопсуздугун камсыздоо үчүн түнү менен тартип сактоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты. Ошондой эле ыктыярдуу кошуундун 500 чоросу да күзөттө болушту.

Шаардыктардын көпчүлүгү жаңы жыл майрамын үй-бүлөсү менен, айрымдары кафе-ресторандарда тосушту. Бирок кеч кирээри менен эле көчөлөрдө, парктарда, эс алуучу жайларда адамдар таптакыр эле азайып кетти. Ошондой эле жаңы жыл түнү Ош шаарында тарсылдактар жана салюттар атылды. Бул көпчүлүк тарабынан майрамдын шаңы катары кабылдаганы менен, айрым тургундар кадимкидей кооптонгондуктарын айтышууда. Расмий бийлик салют аткандарга кандай чара көрөөрүн азырынча айта элек.

Буга чейин укук коргоо органдары өлкөдө террордук актылар уюштурулушу мүмкүндүгүн айтып, Ош калаасында тартипти күчөткөн болчу. Шаар жетекчилиги тургундардын коопсуздугу үчүн майрамдык тарсылдактарды жана салюттарды атууга да тыюу салган эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG