Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Беларус Минскидеги ЕККУ өкүлчүлүгүн жапты


Беларус бийлиги Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун бул өлкөдө кызмаь өтөө мандатын 2011-жылга узартпай койду. Расмий Минск мындай чечимди ЕККУ президенттик шайлоону катуу сынга алгандан кийин кабыл алды.

Беларус ТИМинин маалымат катчысы Андрей Савиных «Беларуста ЕККУнун миссиясын кармап турууга объективдүү негиздердин жоктуганан ойлонулуп кабыл алынган чечим», деп билдирди.

Бул тууралуу Венадагы Беларустун элчиси ЕККУнун башкы кеңсесине маалымдар болгону дагы айтылды.

Беларуста ЕККУ өкүлчүлүгү 2003-жыды ачылган, андан бери бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылган.

19-декабрда Беларуста өткөн президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциясына чыккан адамдарды массалык камоо эл аралык уюмдардын катуу сынына кабалган. Учурда президенттикке мурдагы 7 талапкер камакта, аларга расмий айыптар тагылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG