Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

3-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт


Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 3-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, Чүй, Талас өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз 0…-5 градус суук, Талас аймагында түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5 градус суук болот. Баткен өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 6…11 градус болсо, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -4…-9, күндүз 5…10 градусту түзөөрү күтүлүүдө. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4 градуска барабар, Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -7...-12 градус суук болот. Тоолордо болсо түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17 градус суук болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16 градус, күндүз 0…2 градусту түзөөрү күтүлүүдө. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG