Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

2010-жылы ундун баасы көтөрүлдү


Бул туурасында Экономикалык тескөө министрлигинин басма cөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2010-жылдын январь айында ундун биринчи сортунун килограммы 17-18 сом болсо, декабрь айында орто эсеп менен 25-26 сомго барабар болду. Натыйжада ундун баасы сегиз сомго, башкача айтканда 145,8%га көтөрүлдү.

Министрликтин маалыматы боюнча, ундун баасынын көтөрүлүшүнө Орусиядан келе турган буудай көлөмүнүн кургакчылыктан улам азайышы, буудайдын дүйнөлүк базарда баасынын кымбатташы себеп болгон. Ундан сырткары өткөн жылы шекердин, суу майдын, күрүчтүн бааларында да көтөрүлүү байкалган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG