Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Бүгүн Санжар Бакиевдин апелляциялык арызы каралат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Санжар Бакиевдин жаңы адвокаты иш менен таанышып бүтө электигиние байланышттуу Чүй облустук сотундагы 30-декабрдагы соттук жараянды 3-январга жылдырууну суранган. Санжар Бакиевдин буга чейинки жактоочусу Рыспек Нагаев дүйнөдөн кайтканына байланыштуу анын ордуна Болот Назарбаев жактоочулук кыла баштаган. Ушундан улам ага коюлуп жаткан бардык айыптар боюнча материалдар менен таанышып чыгуу зарылчылыгы келип чыккан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын уулу Санжар Бакиевге 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Санжар Бакиев өзүнө коюлган айыптар менен макул болгон эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG