Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Мугалимдер маяна боюнча талаптарынан баш тартпайт


Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов “Азаттыкка” айлык акы боюнча талаптар толук аткарылмайынча мугалимдер нааразылык акциялардан баш тартпай турганын билдирди. Мугалимдер маянаны кеминде 6800 сомдон аз кылбай көтөрүп берүүнү талап кылып, өкмөткө бир ай убакыт мөөнөт берген. Болбосо жапырт иш таштоо болоорун эскертишкен. Өкмөткө берилген мөөнөт январдын жыйырмаларында аяктайт. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев “Азаттыктагы” маегинде айлык дароо көтөрүлбөй турганын билдирди. Өкмөт маянаны жаңы жылдан тарта 30 пайызга жогорулатып турууну сунуштоодо, бирок мугалимдер бул сунушка көнбөй жатышат.

Өткөн жылдын декабрь айынын ичинде өлкөнүн бардык облустарында мугалимдердин нааразылык акциялары өткөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG