Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Марат Иманкулов УКМК төрагасынын биринчи орун басары болду


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Марат Иманкулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Коопсуздук Кеңешинин катчысынын кызматынан бошотулду. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Марат Иманкулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Террорго каршы борбордун директору болуп дайындалды.

Жаңы баш мыйзамда М.Иманкулов жетектеп турган Коопсуздук кеңеши көрсөтүлгөн эмес. Президенттин маалымат кызматынан ырастагандай, Коопсуздук кеңеши жоюлду. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG