Энергетика министрлигиндеги отун-энергетика тармагындагы ачыктыкты карай турган байкоочу кеңештин алгачкы отуруму болуп, байкоочу кеңеш өз ишин баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Жыйында байкоочу кеңеш тууралуу жобого ылайык анын эки тең төрагасы шайланды. Байкоочу кеңеш алгачкы отурумунда отун-энергетика комплексинде ачыктыкты камсыз кылуу боюнча программанын долбоорун карап, аны ишке ашыруунун жол-жоболорун талкуулады. (IJz)