Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

УКМКда кадрдык өзгөрүүлөр болду


Президент Роза Отунбаеванын жарлыгына ылайык, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Досмир Өзбеков жана төрага орун барасы Марат Бекенов кызматтарынан бошотулду.

Президенттин башка жарлыктарына ылайык, Закир Тиленов УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин жетекчиси, Көлбай Мусаев төрага орун басары, Дүйшөнбек Чоткараев төрага орун басары, Замир Сабаев төрага орун басары – УКМКнын 9-башкы башкармалыгынын жетекчиси Сергей Баженов төраганын орун басары кызматтарына дайындалышты.

Марат Иманкуловду кошкондо УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин алты орун басары бар. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG