Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Күйүүчү майлар эмки айдан тарта 6-7 сомго арзандашы мүмкүн


Кыргызстандагы күйүүчү майлардын баасы ушул айдын соңунда, же кийинки айдын башында 6-7 сомго арзандашы күтүлөт. Бул тууралуу “Газпром Нефть Азия” ишканасынын маалымат катчысы Өмүрбек Сатаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ушул тапта ишкананын кампаларында эски баалар менен алынган 1,5 айга жете тургандай күйүүчү май бар. Андыктан күйүүчү май дароо эле арзандап кетпейт.

Ушул тапта Орусия тарап Кыргызстанга жөнөтүлчү күйүүчү майлардан мамлекеттик кошумча бажы төлөмдөрүн алган токтом чыгара элек. Анткени Орусияда 10-январга чейин эс алуу. Кыргыз тарап 10-январдан соң Орусия өкмөтү мындай токтомду кабыл аларын күтүүдө.

Айта кетсек, жакында эле премьер-министр иш-сапары менен Москва шаарында болуп, күйүүчү майлардан кошумча бажы төлөмдөрүн алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр болгонун билдирген. Ал эми күйүүчү майларга мындай кошумча бажы төлөмдөрү былтыр апрель айынан тарта киргизилген болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG