Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Австралиянын ири бөлүгү суу алдында калды


Австралиянын суу каптаган аймактарына аскерий учактар жардам жеткирип жатышат. Бийлик Куинсланд чөлкөмүндө 2 кишинин набыт болгонун бышыктады. 200 миңге жакын киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Рокхэмптон шаары сырткы дүйнөдөн кесилип калды. Жергиликтүү аэропорт жабылды, кан жолдорду, 22 айыл-кыштакты суу каптады. Өкмөт материалдык чыгымды 1 миллиард долларга баалап жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG